БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Аалиев эки тараптуу пневмония дарты менен үч жумадан бери ооруп жатат.
“Гүлжигит Аалиевдин ден соолугу, абалы турукташты. Бүгүн ал палатага которулду”, — деп билдирет министрлик.
Коронавирустан кийин ден соолукту калыбына келтирүү. Пульмонологдун кеңеши
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган 30 326 учур (пневмония менен кошо) катталган. 16 791 адам сакайып, 1169 жаран каза болгон.
Коронавируска байланышкан акыркы жана маанилүү маалыматтарды биздин Telegram-каналдан окуңуз.