Баткен облусунун башчысы медиктерди эс алууга жиберип, 5000 сомдон берди

Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагындагы "Алтын-Бешик" балдар лагеринин базасында обсервация уюштурулган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Баткен облусунда дарыгерлер үчүн жаратылышта эс алууга ылайыкташкан обсервация жайы даярдалды. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматта облус башчысы Алишер Абдрахмановдун тапшырмасы менен коронавируска кабылган бейтаптарды 14 күн бою дарылап чыккан дарыгерлер эс алууга жиберилген.

"Облус жетекчиси бүгүн Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагындагы "Алтын-Бешик" балдар лагеринин базасында уюштурулган обсервация менен таанышты. Бул жерге кооптуу зонада иштеген дарыгерлер жайгаштырылган", — деп айтылат маалыматта.

Өкмөт медиктерди ден соолугун чыңдоо үчүн санаторийге жиберет

Абдрахманов медиктерге ыраазычылык билдирип, ар бирине резервдик фондунан 5000 сомдон акчалай сыйлык тапшырган.