Жалал-Абадда 16 күндөн бери кытайлык жолчу изделип жатат

Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолун куруп жаткан "Чайна Роуд" компаниясынын жумушчусу Тогуз-Торо районунда 6-июль күнү дайынсыз жоголгон.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда 41 жаштагы кытай жараны изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолун куруп жаткан "Чайна Роуд" компаниясынын жумушчусу Тогуз-Торо районунда 6-июль күнү дайынсыз жоголгон.

РФтеги элчиликте иштегендер кол салууга дуушар болушту. Шектүүлөр изделүүдө

Ал эми ӨКМдин райондук бөлүмүнө бул тууралуу кабар 10-июль күнү түшкөн.

Учурда жоголгон чет элдикти райондук бөлүмдүн беш куткаруучусу издеп жатат. Министрлик куткаруучулар түндө Казарман айылында түнөп, бүгүн издөө иштерин улантканын кошумчалады.