Ыктыярчылар менен эми Аида Исмаилова жолукту. Кандай сунуштар болду

Буга чейин 10дон ашык ыктыярчы менен президент Сооронбай Жээнбеков жолугуп, коронавируска каршы күрөшүү боюнча пикир алышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Вице-премьер Аида Исмаилова ыктыярчы кыймылдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

“Жолугушуунун катышуучулары мамлекеттик органдар тарабынан көмөк көрсөтүүнү талап кылган көйгөйлөр, аймактардагы ыктыярчылардын ишин координациялоо зарылдыгы, call-борборго техникалык колдоо көрсөтүү, бизнес-коомчулук менен рентгенологиялык диагностика тейлөөлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн талкуулоо боюнча сунуштарды берди”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле алыскы райондорду дары-дармек менен камсыздоо, калкка эпидемияга каршы эрежелерди сактоо боюнча кеңири маалымдоо зарылдыгы жаатында сөз болду.

Жолугушуунун соңунда өкмөттүн жана ыктыярчылар уюмдарынын COVID-19 каршы күрөштө мындан ары биргелешип иш алып баруу чечими кабыл алынды.

Коркпой-үркпөй сындадык. Ыктыярчылар Жээнбековго эмне сунуштаганын айтышты

Эске салсак, Кыргызстанда бир нече ыктыярдуу кыймылдын мүчөлөрү COVID-19 менен күрөшүү иштеринин алкагында ар кандай аракеттерди көрүүдө. Мисалы, медиктерге жардам көрсөтүү, дары-дармек жана медициналык жабдууларга акча чогултуу менен алектенишет. Алар ал тургай Тез жардам кызматынын иштерин да аткарып келишет.

Кечээ 10дон ашык ыктыярчы менен өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков жолугуп, пикир алышкан.