Россиялык медиктер кыргызстандык кесиптештерине жардам берүүгө келди. Сүрөт түрмөк

Sputnik

Аскердик дарыгерлер атайын борт менен келип, Кант шаарындагы аэродромго конушту. Адистер өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды, кычкылтек концентраттарын, дары-дармек жана башка медициналык каражаттарды ала келишти.

20 медиктен турган алты бригада Кыргызстандын аскерий дарыгерлери менен биргеликте аскер кызматкерлерин, алардын үй-бүлөсүн жана ардагерлерди дарылап, кеңештерин айтат. Төрт бригада Бишкекте, экөө Ош шаарында иштейт.

Кыргызстанга Россиянын аскерий дарыгерлери меджабдуусу менен жардамга келди

Медиктердин сапары КР менен РФ президенттеринин макулдашууларынын алкагында жүзөгө ашырылган.

1 / 10
Канттагы аэродромго аскердик дарыгерлерден турган топту Россиянын Коргоо министрлигинин атайын учагы алып келди
2 / 10
Медиктер Кыргызстанга 22-июлга караган түнү келди
3 / 10
Адистер өзү менен кошо өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарын, кычкылтек концентраторлорун, пульсоксиметрлерди жана башка жабдууларды ала келди
4 / 10
Ошондой эле коронавирусту дарылоочу дары-дармектер ташылып келди
5 / 10
20 медиктен турган алты бригада Кыргызстандын аскерий дарыгерлерине жардам берет
6 / 10
Алар эки госпиталдын базасында практикалык жана консультативдик колдоо көрсөтүшөт
7 / 10
Эки госпиталдын бири Бишкек шаарында, экинчиси Ош шаарында жайгашкан
8 / 10
Медиктердин сапары КР менен РФ президенттеринин макулдашууларынын алкагында жүзөгө ашырылган
9 / 10
Кыргызстанда эпидемиологиялык абал июнь айынан баштап курчуду
10 / 10
Учурда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 29 359га жетти