Россия аралыктан иштөө мыйзамын кабыл алууда

Мыйзам үч негизги түшүнүктү: дистанттык, убактылуу дистанттык жана айкалыштырылган жумуш түшүнүгүн киргизүүнү сунуштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары аралыктан иштөөнүн ченемдерин кайра карап чыгуу жана кеңсе менен дистанттык ишти айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүн караган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Документти палатанын төрагасы Вячеслав Володин, Федерация кеңешинин спикери Валентина Матвиенко жана депутаттар менен сенаторлорго тааныштырышкан.

Мыйзам үч негизги түшүнүктү киргизүүнү сунуштайт: дистанттык, убактылуу дистанттык жана айкалыштырылган жумуш. Экинчи режимде жумуш берүүчүнүн көзөмөлүндө туруктуу жумуш ордунан тышкары дагы эмгек келишиминин негизинде башка жакта убактылуу иштөө мүмкүнчүлүгү каралган.

Facebook кызматкерлеринин теңин аралыктан иштөөгө өткөрмөкчү

Ошондой эле долбоор жумушчуларга жана жумуш берүүчүлөргө кагаз жүзүндө же квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуп, дистанттык иштин эмгек келишимин түзүүнү өзү тандоосун сунуштайт.

Документ күчүнө кирген учурда Эмгек кодексинин аралыктан иштөө боюнча бөлүмүнөн ашыкча жана эскирген ченемдерди, ошондой эле эмгек мыйзамдарынын предмети болуп саналбаган жоболор алып салынат.

Twitter кызматкерлерине кеңсеге келбей эле биротоло үйдөн иштөөгө уруксат берди

Мындан тышкары, кызматкердин иш убактысы менен эмгек өргүүсүндө бир катар ченемдерди иретке келтирип, эмгек келишиминин шарттарынын бири катары жумуш ордун көрсөтүү талабын жокко чыгаруу сунушталууда. Ошондой эле аралыктан жана убактылуу дистанттык түрдө иштегендерде "офлайн" болуу укугу каралган.

27-майда Владимир Путин эмгек рыногу тууралуу уюштурулган жыйында алыстан иштөөнү жөнөкөйлөштүрүү тапшырмасын берген.