Ош облусунун башчысы мыкты окуучуларга ноутбук, смартфон белек кылды

Сыйлоо аземи бүгүн, 22-июлда, болгону айтылат. Ага облустун жети районунан 25 мектеп бүтүрүүчүсү жана окуучусу катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бүгүн Ош облусунда мектепти "Алтын сертификат" жана "Алтын тамга" менен аяктаган окуучулар сыйланды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев өзүнүн фондунан Алтын сертификат алган эки бүтүрүүчүгө ноутбук жана мектеп директорлоруна 10 миң сомдон тапшырган. Ал эми "Алтын тамга" ээлерине жана Республикалык олимпиададан биринчи орунду алган 23 окуучуга смартфон белек кылган.

ЖРТдан эң көп балл алган Акмарал: "Алтын тамгага" жетпей калып катуу намыстангам

"Коңшу мамлекеттер нефть, газ же пахта менен мактанса, биздин башкы байлыгыбыз — илим-билимдүү жаштарыбыз! Силер менен мамлекетибиз келечектүү. Мыкты окуп, өлкөнүн ар тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон уул-кыздардан болгула", — деп ийгилик каалады Жылкыбаев.

Сыйлоо аземи бүгүн, 22-июлда, болгону айтылат. Ага жети райондон 25 бала катышкан.

Белгилей кетсек, быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку баллды Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылынын окуучусу Акмарал Нурбек кызы алган.