БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекетке коронавируска каршы күрөшүүдө жардам берип жаткан ыктыярчылар менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
Саат 10:00дө башталган жолугушууга ыктыярдуу кыймылдардын 12 мүчөсү катышып жатат.
"Сактап кал" деп жалдыраган көздөр жүрөгүмдү тилип кетти. Ыктыярчылардын маеги
Жолугушууга келгендердин тизмеси:
- Элдар Шабданов — "Бирге" ыктыярчыларды координациялоо борборунун өкүлү;
- Тынчтык Алтымышев — журналист, "Элден — элге" жана "Элдик медиктер" кыймылдарынын координатору;
- Наталья Гребнева — "Руки любви" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү;
- Айзада Жамгырчиева — журналист, алып баруучу;
- Анжелика Кайратова — меценат, ырчы;
- Урмат Насыкулов — "Биз барбыз" ыктыярчылар штабынын жетекчиси;
- Эркин Рыскулбеков — шоумен, "Элим, барсыңбы" ыктыярчылар бирикмесинин өкүлү;
- Бабур Төлбаев — меценат, "Мол Булак Финанс" микрокредиттик компаниясынын жетекчиси;
- Бермет Усубалиева — Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коомунун өкүлү;
- Нуриля Чолпонбаева — "Поколение Best!" коомдук бирикмесинин жетекчиси;
- Абдурахманхаджи Муртазалиев — спортчу, ыктыярчы;
- Аскар Алмаз уулу — демилгелүү жаштар тобунун өкүлү.
Кыргызстанда бир нече ыктыярдуу кыймылдын мүчөлөрү COVID-19 менен күрөшүү иштеринин алкагында ар кандай аракеттерди көрүүдө. Мисалы, медиктерге жардам көрсөтүү, дары-дармек жана медициналык жабдууларга акча чогултуу менен алектенишет.