Боронов өлкөдө тартыш болуп жаткан дарыларды атады. Тизме

Премьер-министрдин айтымында, азыркы учурда өлкөдө антибиотиктин алты түрү жетишсиз болууда.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда өлкөдө тартыш болуп жаткан дары-дармектерди атады.

Өкмөт  башчынын айтымында, азыркы учурда өлкөдө антибиотиктин алты түрү жетишсиз болууда.

Алар:

  • Ванкомицин;
  • Линезолид;
  • Цефоперазон;
  • Цефтазидим;
  • Имипенем;
  • Амиказин.
"Бул дарылар Кыргызстанда таптакыр жок деп айта албайм, бирок тартыш болууда. Айрыкча, Бишкек шаарында жетпей жатат. Бирок жакынкы арада бул дарылардын көйгөйү да чечилет. Башында өлкөдө гепарин менен клексан тартыш болуп, бирок кийинчерээк ал маселе чечилди. Ошол сыяктуу бул дарылар да жетиштүү түрдө алып келинет", — деди Боронов.

Финпол Бишкекте клександы 8 миң сомдон саткандарды аныктады. Видео

Ал 1-июлдан 17-июлга чейин өлкөгө антиагрегант менен антикоагулянт препараттарынан 34660 таңгак келгенин кошумчалады. Анын ичинен 7700ү клексан дарысы, 1500 таңгак фленокс жана гепаринден 15000 таңгак алып келинген. Алардын көбү дароо сатылып кеткен.