Каныбек Осмоналиев Токиого барчу Тыныбекова жана Азисбеков менен жолукту. Сүрөттөр

Иш-чараны XXII Москва Олимпиадасынын 40 жылдыгынын урматына Кыргызстандын Олимпиадачылар ассоциациясынын башчысы Шаршен Касенов уюштурган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Москва Олимпиадасынын чемпиону, оор атлетчи Каныбек Осмоналиев менен Токио Олимпиада оюндарына барчу спортчулар Айсулуу Тыныбекова жана Атабек Азисбеков жолугушту. Мындай иш-чараны Кыргызстандын Олимпиадачылар ассоциациясынын башчысы Шаршен Касенов уюштурганын "Дордой" ассоциациясы Facebook баракчасына жазды.

Жолугушуу XXII Москва Олимпиадасынын 40 жылдыгынын урматына уюштурулган.

"Шаршен Касенов спортчуларды куттуктап, баалуу белектерди жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Каныбек Осмоналиев Токио Олимпиадасына бара турган балбандарга ийгилик каалап, жолугушууну уюштурган Шаршен Касеновго ыраазычылык билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Булар менен дүйнө сыймыктанчу! Олимпиаданы багынткан 8 кыргыз спортчусу

Белгилей кетсек, мындан туптуура 40 жыл мурда Москвада XXII Олимпиада оюндары башталган. Кыргызстандык спортчулар бул ири мелдеште 5 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байге утушкан.

Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова менен Атабек Азисбеков былтыр Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында ийгилик жаратып, Токио олимпиадасына жолдомо алышкан.