40 жыл мурда намыска жараган. Мамагенттик Олимпиада чемпиону Осмоналиевди куттуктады

Каныбек Осмоналиев 1980-жылы Москва шаарында өткөн XXII жайкы Олимпиада оюндарында оор атлетика боюнча чемпион болуп, алтын медаль тагынган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бүгүн, 21- июлда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов оор атлетчи Каныбек Осмоналиевди Москва Олимпиадасынын 40 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы facebook баракчасына жазды.

Директор агенттиктин атынан Каныбек Осмоналиевге спорттук форма тапшырып, бекем ден соолук, узун өмүр, ишинде ийгиликтерди каалаган.

"Сиз Кыргызстанда жана дүйнөдө оор атлетика тарыхында из калтырган чыгаан спортчу катары тааныла алдыңыз. Биздин өлкөдө жогорку деңгээлдеги спорттун өнүгүшүнө өз салымыңызды коштуңуз", - деди Аманкулов куттуктоо сөзүндө.

Өз кезегинде Олимпиада чемпиону агенттиктин жетекчисине жылуу кабыл алгандыгы жана көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Каныбек Осмоналиев Токиого барчу Тыныбекова жана Азисбеков менен жолукту. Сүрөттөр

Каныбек Осмоналиев 1980-жылы Москва шаарында өткөн XXII жайкы Олимпиада оюндарынын оор атлетика боюнча чемпион болгон.