Бишкекте гараждар өрттөнүп жатат. Видео

Маалыматка караганда, өрт алгач жакын жердеги карьердин ичиндеги таштандыдан чыккан. Кийин жалын гараждар тарапка өтүп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкектин 11-кичи районунда гараждар күйүп жатат. Бул тууралуу "Бишкек сегодня" Telegram-тайпасынын колдонуучулары жазды.

Маалыматка караганда, өрт алгач жакын жердеги карьердин ичиндеги таштандыдан чыккан. Кийин жалын гараждар тарапка өтүп кеткен.

"Короче" Telegram-каналы окуянын видеосун жарыялады.

ӨКМден маалыматты тастыкташып, өрт тууралуу билдирүү 16:20да түшкөнүн айтышты. Тилсиз жоону өчүрүүгө эки бригада жиберилген.