БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Манас" эл аралык аэропортунун аймагындагы "Семетей" ("Ганси") обсервациялык зонасынын ишиндеги тартипти сынга алды. Бул тууралуу мамлекет башчы премьер-министр Кубатбек Боронов менен өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды талкуулаган онлайн-кеңешмеде айтканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жээнбеков "Гансидеги" обсервациянын иш тартибин сынга алды
"Президент Сооронбай Жээнбеков стационарлар менен обсервациялык аймактардын дары-дармектер жана медициналык каражаттар менен камсыз болушуна көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Президент, мындан сырткары, гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жөнүндө элге толук кандуу маалыматты электрондук форматта берүүнүн маанисин белгиледи.
Аптека орнотуп, таштандыдан арылтып… ӨКМдин "Гансиде" аткарган иши видеодо
Өз кезегинде Кубатбек Боронов "Семетей" обсервациясында көзөмөл күчөтүлгөнүн, жакында аталган обсервациялык зонанын жетекчиси алмашканын билдирди.