БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов октябрь айында Абу-Дабиде беттешке чыгат. Бул тууралуу мушкерлер уюмунун президенти Дана Уайт билдиргенин The National басылмасына таянып РИА Новости жазды.
Алдын ала маалымат боюнча, Нурмагомедовдун атаандашы Жастин Гэтжи болмокчу. Америкалык мушкер жазында Жексонвилде (АКШ) өткөн UFC 249 турниринде мекендеши Тони Фергюсонду нокаутка кетирип, утурумдук чемпион наамына ээ болгон. Ошондон кийин россиялык Нурмагомедов менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Физиев UFC беттешинде "Матрицадагы" трюкту кайра жасады. Видео
"Бардык мыкты беттештер, айыгышкан кармаштар эми Абу-Дабиде өтөт. Бул жер мушкерлердин жаңы борборуна айланат. Мурда ал Лас-Вегас шаары (АКШ) болчу", — деген Уайт.
Октябрь айында боло турган ири беттештер тууралуу айтып жатып, Дана Уайт жеңил салмактагы чемпион Хабиб Нурмагомедовдун октагонго чыгарын белгилеген.