БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 34 бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
"Бишкек шаарында 20, Ош шаарында бир, Чүй облусунда экөө, Ош облусунда төрт, Нарын облусунда үч жана Жалал-Абад облусунда төрт киши каза болду", — деп айтылат маалыматта.
Коронавирусту өткөн суткада 781 адам жеңди
Пандемия башталгандан бери коронавирус 1 037 кишинин өмүрүн алып кетти.