БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Күзүндө курч респиратордук вирустук-инфекциялык оорулар козголот, бирок коронавирустун жаңы түрү ага кандай салым кошо турганын азырынча баалоо мүмкүн эмес. Бул тууралуу "Известия" басылмасы эксперттердин айтымына таянып билдирди.
Микроорганизмдер экологиясы лабораториясынын башчысы Михаил Щелкановдун айтымында, коллективдик иммунитет иштелип чыккан шаарларда экинчи толкун болбойт.
Коронавирусту бир нерсе ойготту! COVID-19дун чыгышы тууралуу божомол айтылды
"Бул жылы биз билген курч респиратордук вирустук-инфекциялык оорулардын катарына коронавирустун жаңы түрү кошулат. Тилекке каршы, адамдар андан жайында арыла алган жок. Коронавирус башка инфекциялык илдеттердин катарында өзүн кандай көрсөтөрүн азырынча айтуу кыйын", —деген эксперт.
Адис белгилегендей, бир вирусту жуктуруп алып ооруган адамга бир нече убакытка чейин башка инфекция илешпейт. Бирок мунун баары вируска жана бейтаптын организмине жараша болот.
"Коронавирустун жаңы түрү башка вирустардын жанында канчалык күчтүү же алсыз экенин күзүндө эпидемиологиялык кырдаалды анализ кылганда гана биле алабыз", — деди Щелканов.
Кытайдын алдыңкы эпидемиологу COVID пандемиясы качан бүтөрүн божомолдоду
Буга чейин адистер коронавирустун экинчи толкуну кышында болорун болжолдошкон. Анын симптомдору курч респиратордук вирустук инфекцияларга (КРВИ) окшош болгондуктан айырмалоо оорчулук туудурарын билдиришкен.