Котормочу болуп иштеген. Иранда ЦРУнун тыңчысы өлүм жазасына тартылды

Тыңчы делген киши англис жана араб тилдерин мыкты билген. Иран менен иштеген сириялык компаниялардын биринде котормочу болуп иштеп жүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Иранда ЦРУ жана Израилдин тышкы чалгын кызматына маалымат берип турган деген күнөө менен Махмуд Мусави Маджд аттуу жаран өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу Россия-24 каналы билдирди.

Ирандык ал киши балалыгын Сирияда өткөрүп, мектепти да ошол жактан окуган. Англис жана араб тилдерин мыкты билген. Иран менен иштеген сириялык компаниялардын биринде котормочу болуп иштеп жүргөн. Согуш башталганда, 2011-жылдан кийин үй-бүлөсүн мекенине жиберип, өзү ал жерде иштеп кала берген.

Эки айда үч жолу... РФ истребителдери АКШнын чалгынчы учактарын Сирияга жолотпойт

Котормочу болуп жүрүп, Дамаск өкмөтүнө жардам берген ирандык аскерий кеңешчилер менен жакындашып, жашыруун документтерге колу жеткен. Иран бийлигинин айтымында, Израилдин "Моссад" деп аталган тышкы чалгын кызматы менен сауд атайын кызматына Ирандын Аскер күчтөрү, алардын байланыш системалары, куралдануу жана аскерлери боюнча маалыматтарды берип турган.

9-июлда Мусави Маджданы тыңчылык кылган жана генерал Касем Сулейманинин турган жерин чет элдик атайын кызматтарга айтып берген деп өлүм жазасына буюрган. Эске салсак, Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Пентагондун ракеталык чабуулунан каза болгон.

Тыңчы, волонтёр... Ханзаада Уильямдын жашыруун иштеген кызматтары

Анткен менен сот бийлиги анын генералдын өлүмүнө түздөн түз тиешеси жок деген түшүндүрүү тараткан.