Бишкекте жаңыдан курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Видео

Соцтармакка өрт Гагарин менен Кырк-Кыз көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан турак жайдан чыкканын жазып, видеосун жүктөшүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушу тарапта жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн чатырынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Азырынча жалын саат канчада башталганы белгисиз. Өрттү өчүрүүгө жалпы үч бөлүм тартылган. Кошумча маалымат берилет.

Instagram баракчасына өрт Гагарин менен Кырк-Кыз көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан турак жайдан чыкканын жазып, видеосун жүктөшүүдө.

Ошондой эле жалынды чектөөгө барган өрт өчүрүү унаасына дагы жалын жармашкан кадрлар чыкты.