Ысык-Көлдөгү жолдун бир бөлүгүн сел алып, унаа тыгыны жаралды. Видео

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, сел Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда саат 12:40тар чамасында жааган жаандын кесепетинен жүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү жолдун бир бөлүгүн сел алып кетти. Анын видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Кадрдан көрүнүп тургандай, жолдун эки жагында тең автоунаалардын тыгыны жаралган. Суу агып бүткүчө адамдар автоунааларынан чыгып күтүп турушкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, сел Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда саат 12:40тар чамасында жаандын кесепетинен жүргөн.

Коктулардан түшкөн сел оргуштап Арсланбап айылын каптады. Видео

"Кокту-колоттордон түшкөн сел суусу Каракол — Эңилчек унаа жолунун 6-чакырымын кум-шагылга толтуруп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан", — деп айтылат маалыматта.

Тазалоо иштерине эки техника тартылган.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы сел жүргөн жерге акимдин орун басары Нурлан Кыдыров жана ӨКМдин райондук башкармалыгында иштеген кызматкерлер барганын кабарлады.