Кыргызстанга жакын Үрүмчү шаарына аскердик абал режими киргизилди

Акыркы учурлардын бардыгы Тянь-Шань районунда катталганы маалым болду. Бийлик муну массалык бир нече иш-чаранын өтүшү менен байланыштырды.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунун борбору Үрүмчү шаарында коронавирустан улам аскердик абал режими жарыяланды. Бул тууралуу Reuters басылмасы жазды.

Ага ылайык, эки күн мурда калк жашаган аймактардын биринен 16 адамдын COVID-19 жуктуруп алганы аныкталган. Мындан улам бийлик дароо ыкчам план кабыл алган.

"Шаарда элдин чогулуп жүрүүсүнө убактылуу тыюу салынып, бийлик тургундарды башка аймактарга барбоого чакырды. Үрүмчүдөн 600дөй аба каттамы токтотулуп, метро да убактылуу жүрбөй турган болду. Шаарда жашагандардын баарынан коронавируска акысыз тест алынат", — деп айтылат билдирмеде.

Акыркы учурлардын бардыгы Тянь-Шань районунда катталганы маалым болду. Бийлик муну массалык бир нече иш-чаранын өтүшү менен байланыштырды.

Россия Кыргызстанга коронавируска даба болчу авифавир дарысын жиберет

Пандемия башталгандан бери Кытайда жалпы коронавирус жуктурган 83 644 учур катталган.