Жаңыдан UFC чемпиону болгон Петр Ян беттештерден четтетилди

Мындай чечим мушкердин медициналык көрсөтмөлөрүнүн негизинде кабыл алынган. Ага 21 күнгө чейин машыгууда да контактка барууга тыюу салынган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмак категориясынын учурдагы чемпиону, россиялык мушкер Петр Ян бир ай убакытка беттештерден четтетилди. Бул тууралуу mmafighting.com порталына таянып, РИА Новости жазды.

Мушкерге карата чыгарылган мындай чечим медициналык көрсөтмөлөрдүн негизинде кабыл алынган. Россиялык чемпионго ошондой эле машыгууда да 21 күнгө чейин контактка барууга тыюу салынган.

Рафаэль Физиев "Мушкерлер аралындагы" беттеште жеңүүчү болду. Видео

Өткөн аптада Петр Ян бразилиялык мушкер Жозе Алдону жеңип UFC уюмунун чемпиону болгон.

Бул салмактын лидери америкалык Генри Сехудо карьерасын жыйынтыктагандан кийин чемпиондук наам бош калган болчу.

Кошумчалай кетсек, Петр Ян менен бирге россиялык мушкерлер Максим Гришин, Роман Богатов жана Муслим Салихов медициналык көрсөтмөнүн негизинде ар кандай убакытка четтетилген.