Физиев UFC беттешинде "Матрицадагы" трюкту кайра жасады. Видео

Бүгүн таңда Абу-Даби шаарындагы "Мушкерлер аралында" өткөн мелдеште кыргызстандык мушкер британдык Марк Диакезини жеңип алды.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC мелдешиндеги беттешинде "Матрица" тасмасындагыдай өзүнүн кезектеги трюгун жасады.

​Бүгүн таңда Абу-Даби шаарындагы "Мушкерлер аралында" өткөн мелдеште кыргызстандык мушкер британдык Марк Диакезини жеңип алды. Беттеш үч раундга созулду. Калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен Физиев жеңүүчү деп табылган.

Гонорарынан тышкары 50 миң доллар алган Физиев катуу толкунданды. Видео

Физиев буга чейин, 2017-жылкы беттешинде, атаандашынын чимирилип бут менен жиберген соккусунан артка ийилип качып, "Матрица" тасмасындагы Неонун трюгун кайталаганы менен таанымал болгон.

Бүгүнкү UFC Fight Island 2 мелдешиндеги жеңиши Рафаэль Физиевдин экинчи ийгилиги.