Менеджер: Хабиб карайлап турат, бирок быйыл Гэтжи менен беттешет

Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап көз жумганда ал карьерасын жыйынтыкташы мүмкүндүгү айтылган, бирок божомолду менеджери төгүндөдү.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов карьерасын улантат. Бул тууралуу TMZ басылмасына мушкердин менеджери Али Абдель-Азиз кабарлаган.

Абдулманап Нурмагомедов 3-июлда 57 жаш курагында каза болгон. Коронавирус илдетине чалдыгып, ден соолугу катуу жабыркаган машыктыруучуга Москванын ооруканасында операция жасалган болчу. Сөөгү Дагестандагы өзүнүн Кироваул айылына коюлган. Атасынын өлүмүнөн кийин Хабибдин спортту жыйыштыра турганы айтылган болчу.

Хабибдин атасы Абдулманап Нурмагомедов тууралуу тасма тартылды

Менеджердин айтымында, россиялык спортчу ушул жылы Жастин Гэтжи менен беттешүүнү пландап жатат.

"Хабиб атасын гана эмес, машыктыруучусун, насаатчысын, сырдашын жоготту. Карайлап турат, бирок карьерасын улантат. Атасы анын аралаш мушташта мындай дагы көп ийгиликке жетишин каалаган. Менимче, Гэтжи Хабибге тең келе турчу атаандаш", — деген Абдель-Азиз.

Америкалык мушкер Жастин Гэтжи жазында Жексонвилде (АКШ) өткөн UFC 249 турниринин алкагында мекендеши Тони Фергюсонду нокаутка кетирип, утурумдук чемпион наамына ээ болгон. Ошондон кийин россиялык Нурмагомедов менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк алган.