Кыргызстанга Россиянын 51 дарыгери келип иштеп бериши күтүлүүдө

Медицина кызматкерлеринин 22-июлда келери пландалган. Алар саламаттык сактоо жайларында иштеп, консультация беришмекчи.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кыргызстанга россиялык дарыгерлердин ири тобу келип иштеп бериши күтүлүп жатканын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Ага ылайык, учурда Россия Федерациясынын Башкыртстан республикасында 51 дарыгерден турган команда түзүлдү. Алар өлкөнүн медициналык жайларында иштеп, консультация беришет. Кыргызстанга медиктердин 22-июлда келери пландалган.

Ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүнүн натыйжасында РФтин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу өлкөгө гуманитардык жардам жеткирилет.

COVID-19га каршы күрөштө РФтин башка өлкөлөргө, анын ичинде КРге көмөгү

Мындан сырткары, эки өлкөнүн региондор аралык кызматташуусунун алкагында Россиянын Чеченстан Республикасынан дары-дармек жана жеке коргонуу каражаттары түрүндө жардам келиши күтүлүп жатат.

Белгилей кетсек, Россия Кыргызстанга коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө активдүү жардам берип келет. Буга чейин ПЦР-тесттердин топтомун (110 000 изилдөө үчүн), дары-дармектерди, медициналык жабдыктарды жана жеке коргонуу каражаттарын тапшырган.