Жээнбеков: азыр өкмөттү кетирүүдөн пайда жок, колуна кол болуп жардам берели

Президент азыркы өкмөттү калтырууну же жаңысын алып келүүнү парламенттик шайлоодон кийин депутаттар өздөрү чечерин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Азыр өкмөттү кетирүүдөн пайда жок. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Анда журналист өкмөттүн ишине элдин ичи чыкпай, "кетирип, жаңысын алып келиш керек" дегендер болуп жатканын айтып, бул боюнча президенттин пикирин сурады.

Жумабеков: "өкмөттүн адвокаты" дегендерге чычалоонун кереги жок. Видео

Анда Жээнбеков президент катары колунан келишинче өкмөткө жардам берип жатканын билдирди.

"Шайлоого үч айга жакын эле убакыт калды. Өкмөттү кетирүүдөн азыр пайда жок. Биз эми мүмкүн болушунча колдо болгон адамдык ресурстун баарын мобилизациялап, күчтү бириктирип иштешибиз керек. Колуна кол, бутуна бут болуп, өкмөткө жардам беришибиз зарыл. Азыр сындай турган мезгил эмес, жардам бере турган учур. Бардык мүмкүнчүлүктөрдү бириктирип, ынтымакта, тартипте илдетке каршы турушубуз керек", — деди Жээнбеков.

Ал эми азыркы өкмөттү калтырууну же жаңысын алып келүүнү парламенттик шайлоодон кийин депутаттар өздөрү чече турганын белгиледи.