Ошко бүгүн Россиядан эки учак кыргызстандыктарды алып келди. Сүрөт

Москвадан келген каттам менен Россиядагы кыргызстандыктар чогулткан 198 миң сомдук дары-дармек кошо келип түштү.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бир күндө Ош аба майданы Россиядан келген эки каттамды кабыл алды. Мекенине 300гө чукул жаран кайтты. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ошко бүгүн Россиядан эки учак кыргызстандыктарды алып келди. Сүрөт

Биринчи учак S7 авиакомпаниясынын каттамы Новосибирск шаарынан 175 кишини алып келди. Алардын көбү балдар экени айтылды.

Ошко бүгүн Россиядан эки учак кыргызстандыктарды алып келди. Сүрөт

Экинчи аба кемеси Москвадан багыт алган. Аны менен 143 жаран жана 19 дарыгер келди. Ушул учак менен Россиядагы кыргызстандыктар чогулткан 198 миң сомдук дары-дармек кошо келип түштү.

Учуп келгендердин тизмеси берилген арыздарга карата түзүлгөндүгүн маалымдашты.