Өкмөт медиктерди ден соолугун чыңдоо үчүн санаторийге жиберет

Бүгүн вице-премьер "кызыл зонада" иштеген медиктер үчүн эс алууну уюштуруу боюнча кеңешме өткөргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылап жаткан медицина кызматкерлери санаторийге жөнөтүлөт. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, вице-премьер Аида Исмаилова "кызыл зонада" вахталык ыкма менен иш алып барган медиктер үчүн эс алууну жана санаториялык-курорттук дарыланууну уюштуруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөргөн.

Көз жумган ыктыярчы Адинайдын жакындарына 1 млн сом төлөнөбү? Комиссиянын жообу

Анын жыйынтыгы менен медицина кызматкерлердин тизмесин жана алардын санаторияларга баруу графигин түзүү, ошондой эле транспорт менен камсыздоо чечими кабыл алынган.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков медиктерди реабилитациялоо үчүн Ысык-Көлгө жиберүү маселеси каралып жатканын айткан болчу.