Кыргызстандыктар Россиядан дары-дармек жөнөттү. Видео

Учактын бири Ош шаарына, экинчиси Бишкек шаарына багыт алган. Аны менен жүргүнчүлөрдөн сырткары дары-дармек жана ыктыярчы медицина кызматкерлери келе жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Россиядан Кыргызстанга эки учак менен дары-дармек жөнөтүлдү. Бул тууралуу КРдин РФтеги элчилигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Учактар эртең менен Москва шаарынан учуп кетти. Биринчи каттамда 143 жүргүнчү бар, алар менен 19 дарыгер да келе жатат. Дипломатиялык өкүлчүлүктөн ал учак Ош шаарына коно тургандыгын айтты.

"Дарылар кыргыз диаспоралары менен башка коомдук уюмдардын чогулткан акчасына алынды. Элчилик аларды жөнөтүүгө көмөктөштү", — деп маалымат кызматынан билдиришти.

COVID-19га каршы күрөштө РФтин башка өлкөлөргө, анын ичинде КРге көмөгү

Экинчи учак Бишкек шаарына келе жатат. Анда Россия Федерациясынын ИИМинин кыргызстандык курсанттары бар. Элчиликтен аталган каттам эки мамлекеттин Ички иштер министрлигинин макулдашуусу менен уюштурулгандыгын кошумчалады.