COVID өткөн сутканын ичинде 73 кыргызстандыктын өмүрүн алды

Буга чейин экиге бөлүнүп айтылган коронавирус менен пневмония оорулары бириктирилип COVID-19 катары эсептеле баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан 73 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бейтаптар төмөнкү аймактарда эле:

  • Бишкек шаары – 22;
  • Жалал-Абад облусу – 19;
  • Ош облусу – 15;
  • Нарын облусу – 7;
  • Баткен облусу – 5;
  • Чүй облусу – 2;
  • Талас облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 1.

Кыргызстанда кооптуу вирустун кесепетинен каза болгон адамдардын саны ушуну менен 858ди түздү.

Пневмониядан өлгөн адамдын өпкөсү кандай болуп калат. Сотмедэксперттин маеги

Белгилей кетсек, буга чейин экиге бөлүнүп айтылган коронавирус менен пневмония оорулары бириктирилип COVID-19 катары эсептеле баштады.