БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бир сутка ичинде 70 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы республика боюнча COVID жугузуп алган 70 ак халатчан катталган.
Инфекционист: вирус менен алгач организм күрөшөт, 5 күн дары ичпеш керек
- Бишкек шаарынан - 25
- Чүй облусунда – 19
- Ош шаарынан - 18
- Ош облусунда – 1
- Талас облусунда – 2
- Жалал-Абад облусунда – 5
Ал эми стационарлардан сутка ичинде сегиз дарыгер айыгып чыкты.
Жалпы медициналык кызматкерлер арасында COVID илештерип алган 2269 учур катталып, 600 медик стационарлардан айыгып чыккан.
Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.