Коронавирустан көз жумгандар Жалал-Абадда көп каттала баштады

Соңку статистикада Жалал-Абад облусу адам өлүмү боюнча Бишкек шаарынан кийинки эле сапта турганы белгилүү болду.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Коронавирус менен пневмония оорулары COVID-19 катары эсептеле баштагандан кийин, бул дарттан Жалал-Абад облусунда көп адам каза болуп жатканы байкалууда.

Кечээ, 17-июлда, оорунун очогу делген Бишкекте коронавирустан 33 адам көз жумса, Жалал-Абадда 11 өлүм катталган. Ал эми бүгүн борбор калаада 22, Жалал-Абадда 19 бейтап ажал тапканы кабарланды.

Кечээ Ысык-Көлдө (17) дагы көп киши каза тапкан, бүгүнкү статистикада бир адам көз жумганы жазылган.

Андан кийинки сапта Ош облусу турат. Бул аймакта COVID-19 кечээ тогуз, бүгүн 15 адамдын өмүрүн алган.

1264 адамга жетти! Бир суткада COVID жана пневмонияга чалдыккандардын саны айтылды

Өткөн суткада коронавирустун кесепетинен 73 бейтап көз жумганы белгилүү болду.

Алар төмөнкү аймактарда дарыланып жаткан:

  • Бишкек шаары – 22;
  • Жалал-Абад облусу – 19;
  • Ош облусу – 15;
  • Нарын облусу – 7;
  • Баткен облусу – 5;
  • Чүй облусу – 2;
  • Талас облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 1.

Кыргызстанда кооптуу вирустун кесепетинен каза болгон адамдардын саны 858ге жетти.