COVID: 1402 бейтап оор абалда, алардын ичинен 70 адам реанимацияда жатат

Кыргызстанда COVID-19га байланыштуу абал июнь айынын ортосунда начарлай баштаган. Бийлик өкүлдөрүнүн коронавирус менен пневмониянын статистикасын бириктиргенден кийин сандар кескин өстү.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бүгүнкү күндө стационарларда COVID-19 менен 1402 бейтап оор абалда жатат, алардын ичинен 70 адам реанимацияда. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

18-июлга карата статистика төмөндөгүдөй:

  • Коронавируска кабылгандардын саны 25047 адамга жетти;
  • Стационарда – 4345, алардын ичинен реанимацияда – 70;
  • Оор абалда – 1402;
  • Ооруканадан чыккандар – 4495;
  • Айыгып үй карантинге чыгарылгандар – 2742;
  • Каза тапкандар – 858 адам (кайтыш болгондор 3,42 пайызды түзүүдө)

Инфекционист: вирус менен алгач организм күрөшөт, 5 күн дары ичпеш керек

Кыргызстанда COVID-19га байланыштуу абал июнь айынын ортосунда начарлай баштаган. Бийлик өкүлдөрүнүн коронавирус менен пневмониянын статистикасын бириктиргенде сандар кескин өзгөрдү.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.