"Сүт мал" деген үстөккө берилген пайда, пайыздык насыя дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун https://sputniknews.com/popup_radio/14/s "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, айрымдарда "Манаста" насыя деген түшүнүк барбы деген суроо жаралууда.
Талантбеков: "Манас" эпосунда чачтарач, сулуулук салонду "сүзгөр" дейт
"Учурда банктардан алынган кредитти насыя деп айтып жүрөбүз. Мына ушул насыя тууралуу "Манас" эпосунда дагы кездешет. Маселен, эпосто "сүттөн тапкан малыны" деген сап бар. Бул жерде бир гана мисал келтирилди. А негизи насыя деген маанини берүүчү саптар чыгарманын көп эле жеринде кездешет. Тактап айтканда, "сүт мал" деген үстөккө берилген пайда, пайыздык насыя дегенди түшүндүрөт. "Сүт мал" деген түшүнүк "Манас" эпосунун бир нече вариантында колдонулат", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал "Манас" эпосу кыргыз тилинин кеңдигин, бай экендигин көрсөтүп турарын кошумчалады.