Ысык-Көлдөгү пансионаттардын баасы арзандады

Эс алууга барган окурмандар пансионаттардагы баалар мурдагы жылдарга салыштырмалуу жеткиликтүү болуп калганын айтышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көлдөгү пансионаттардын баасы чындап эле төмөндөгөнүн тастыктады.

Буга чейин Ысык-Көлгө эс алууга барган окурмандар пансионат, коттедждерде баа жылдагыдай кымбат эмес, жеткиликтүү болуп калганын айтышкан.

Август ысык болобу? Бир айга карата аба ырайынын божомолу

Маалыматты тактоо үчүн министрликке кайрылганда, орто эсеп менен пансионаттардагы нарк 15-20 пайызга чейин төмөндөгөнүн билдиришти.