БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы эпидемиологиялык кырдаалда дарыны алып саткандарга жана кымбаттаткандарга кайрылды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, акыркы учурларда дары-дармектин баасы өсүп жатканы байкалып, буга бийлик дагы чара көрүүдө.
Штаб: дары-дармек баасын көтөргөндөр боюнча 27 иш козголуп, тергелүүдө
"Эл ооруп, дары-дармекке муктаж болуп турган учурда кээ бир уятсыз адамдар абалдан пайдаланып, акча таап калгысы келүүдө. Мындай иштер Аллага жакпайт, анын жазасы бар, мындай соодагерлер күнөөкөр болушат", — деп айтылат маалыматта.
Муфтият аны менен катар эле кыйын кезеңде элди бири-бирине кол сунуп, мүмкүн болгон жардамдарды көрсөтүүгө чакырган.