Өкмөт: коронавирусту дарылоо протоколу кайрадан каралат

Вице-премьер Аида Исмаилова эксперттер менен жолугуп, коронавирустун адам организмине тийгизген таасири тууралуу сүйлөшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Эл аралык акыркы маалыматтарды эске алуу менен коронавирусту дарылоо протоколун кайрадан карап чыгуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, вице-премьер Аида Исмаилова эксперттер менен жолугуп, коронавирустун адам организмине тийгизген таасири тууралуу сүйлөшкөн.

"Патоморфологиялык иликтөөлөр, оорунун патогенези жана клиникалык окуялардын сүрөттөмөлөрү тууралуу эл аралык акыркы маалыматтарды эске алуу менен учурдагы клиникалык протоколду кайрадан карап чыгуу чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Өкмөт COVID-19дан жабыркагандарды дарылоону жакшыртуу жолдорун издеп жатат

Кеңешмеде кабыл алынган чечимдер:

  • Саламаттык сактоо министрлигине коронавирусту дарылоо боюнча учурдагы дарылоо протоколун ыкчам түрдө кайра карап чыгуу;
  • коронавирусту дарылоодо протоколдорду ишке киргизүү жумушун күчөтүү, ар кыл тармактагы дарыгерлерди коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоо ыкмаларына окутуу;
  • клининикаларда иштеген дарыгерлердин кеңири чөйрөсү үчүн онлайн-конференция өткөрүү тапшырмасы берилди.