Ош шаардык Тез жардам кызматына жаңы үч автоунаа тапшырылды

Калаа мэринин айтымында, жаңы келген үч автоунааны кошкондо Тез жардам кызматында 13 техника иштеп жатат. Демөөрчүлөр тарабынан дагы бирөө алынат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Өкмөт Ош шаардык Тез жардам кызматына жаңы үч автоунаа тапшырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, калаа мэри Таалайбек Сарыбашов жаңы унаалар президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен сатып алынганын белгиледи.

13 тез жардам автоунаасы кымбат сатып алынганбы? Министрликтин түшүндүрмөсү

"Жаңы келген үч автоунааны кошкондо Тез жардам кызматында 13 техника иштеп жатат. Автоунаалардын ичинде дем алдыруучу аппарат жана башка керектүү жабдуунун баары бар. Демөөрчүлөр менен жакында дагы бир автоунаа алынат. Кийинки жылы Тез жардам кызматынын имараты да жаңыланат", — деди мэр.

Эске салсак, буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги 13 тез жардам автоунаасын сатып алган.