Пандемиядан кийинки биринчи жолугушуу. ЕАЭБ премьерлеринин жыйыны видеодо

Евразиялык өкмөт аралык кеңештин отуруму бүгүн, 17-июлда, Белоруссиянын борбору Минск шаарында өтүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын премьер-министрлери соода-сатык, өнөр жай, экономика, финансы саясаты жана агрардык өнөр жай комплекси, союздун ичиндеги ички рыноктун тоскоолдуктарын жоюу, коргонуу чараларынын механизмдерин иштеп чыгуу маселелерин талкууга алышты.

Боронов Минскиде ЕАЭБдин жыйынына катышууда

Тараптар ЕАЭБдин жалпы газ рыногун формалдаштыруу, союздун финансылык концепцияларын иштеп чыгуу өңдүү маселелерди карашары болжолдонуп жатат. Өкмөт башчылар эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөрү күтүлүп жатат.

Кыргызстандын атынан премьер-министр Кубатбек Боронов катышууда.