Боронов Минскиде ЕАЭБдин жыйынына катышууда

Жыйында соода, өнөр жай, экономика, финансы саясаты жана агрардык өнөр жай комплекси тармактары боюнча кызматташуу талкууланат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Минск шаарында өтүп жаткан Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги (ЕӨАК) жыйынына катышууда. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жыйында соода, өнөр жай, экономика, финансы саясаты жана агрардык өнөр жай комплекси тармактарында өз ара иштешүү маселелери талкууланары айтылган.

Кубатбек Боронов ЕАЭБ жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына учуп кетти

"Жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташуусунун актуалдуу маселелери каралууда", - деп айтылган маалыматта.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында тар жана кеңири курамда ЕАЭБге мүчө болгон Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россия Федерациясынын өкмөт башчылары катышып жатат.

Жыйындын алдында тар чөйрөдө саламдашып, андан соң делегация башчылары бирге сүрөткө түштү деп билдирди маалымат кызматы.