Коктулардан түшкөн сел оргуштап Арсланбап айылын каптады. Видео

Сел суулары төрт турак жайдын ичине кирип, эки үйдүн дубалын бузуп кеткен. Ал эми 12 турак үйдүн короосун каптаган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Базар-Коргон районунун Арсланбап айылында сел жүргөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Коктулардан ылай суулар түшүп айылга кирип келе жаткандагы видео "Короче" Telegram каналына жүктөлгөн.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, 16-июль күнү саат 15:0дөр чамасында жааган жамгырдан улам кокту-колоттордон келген сел Арсланбап айылын каптаган. Сел суулары төрт турак жайдын ичине кирип, эки үйдүн дубалын бузуп кеткен. Ал эми 12 турак үйдүн короосун каптаган.

Селдин кесепетинен ички чарбалык унаа жолдорго кум шагыл толуп, эки көпүрө жарактан чыккан. Учурда автоунаалар айланма жол менен өтүп жатышат.

Табигый кырсык катталган жерге ӨКМдин Базар-Коргон райондук бөлүмүнөн ыкчам топ менен 26 куткаруучу барган. Айыл аймактан бирден экскаватор, жүктөгүч, грейдер, самосвал тартылган. Жергиликтүү тургундардан да 100 киши чыгып сел нугун буруп, үч үйдүн ичин тазалашкан. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.