Жал кичи районунда 40 кишиге ылайыкташкан стационар ачылды. Сүрөт

Күндүзгү стационар кичи райондогу №95 мектептин базасында иштеп жатат. Ага абалы канааттаандырарлык бейтаптар келип тамчылатма укол жана ийне сайдырып кетет.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Жал кичи районунун тургундары "Элдик стационар" ачып, бейтаптарга жардам көрсөтүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине "Жал ынтымагы" коомдук бирикмесинин төрагасы Аскар Турусбеков билдирди.

Жал кичи районунда 40 кишиге ылайыкташкан стационар ачылды. Сүрөт

Анын айтымында, стационар №95 мектептин базасында ачылып, ичи 40 орунга ылайыкташкан. Ага абалы канааттаандырарлык бейтаптар келип тамчылатма укол жана ийне сайдырып кетет. Иштөө убактысы эртең мененки сегизден кечки сегизге чейин.

Мурдагы "Манас" транзиттик жүк ташуу борборунда 400 орун даярдалды. Сүрөт

"Буга чейин борбор калаада ачылган стационарларды көрдүк, келгендердин саны күн сайын өсүп, дарыгерлер жетишпей жатканын түшүнүп турдук. Биз дагы Жалдан стационар ачуу демилгесин көтөрүп, Ленин райондук акимчилигинен мектептин спорт залын сурадык. Калган бардык чыгымдарды көтөрүүгө тургундар менен ишкерлер көмөктөшүп жатат. Анын ичинде Бишкек шаардык кеңештин депутаты Жаныбек Абиров жана ишкер Нурсултан Кубанов чоң колдоо көрсөтүүдө", — деди Турусбеков.

Ал кошумчалагандай, кечээ стационар ачылганда 150дөй адам келсе, бүгүн андан эки эсе көп болгон. Ошол себептен электрондук кезек тартибин киргизишкен. Мындан тышкары, call-борбор иштеп, чалууларга жооп берет.