Мурдагы "Манас" транзиттик жүк ташуу борборунда 400 орун даярдалды. Сүрөт

Аймактагы алты имаратта эки реанимациялык бөлүм, үч дарылоо-терапевттик бөлүм жана медиктер үчүн бир бөлүм даярдалган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн балансында турган мурдагы "Манас" транзиттик жүк ташуу борборунун аймагында элди кабыл алуу жана дарылоо үчүн автономдуу обсервация даярдалды. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Обсервация үчүн аталган комитеттин Турак жайды пайдалануу кызматынын өздүк курамынын күчү менен жалпы аянты 5,5 миң чарчы чакырымды түзгөн эки кабаттуу алты курулушка капиталдык ремонт жүргүзүлгөн.

"Алардын экөө 44 адамга ылайыкташкан реанимациялык бөлүм болсо, үчөө дарылоо-терапевттик бөлүм катары кызмат көрсөтөт. Ал эми бир курулуш медицина персоналы үчүн каралган. Ал жактагы 52 бөлмө 104 адамга ылайыкталган", — деп айтылат маалыматта.

Жаңы обсервациялык жайдагы 220 палатада 400 орун керектүү медициналык жабдуу менен камсыздалганы айтылды. Ар бир палатада борборлоштурулган кычкылтек системасы, кондиционерлер коюлуп, жуунуучу бөлмөлөр даярдалган.

Күндүзгү стационар жана "Гансиден" чыккан таштанды кайда ыргытылат? ӨКМдин жообу

Ошондой эле сырткы аймактары жарыктандырылып, ички жолдорго бетон төшөлгөн. Жарык менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн кубаты 1 000 киловатт-сааттык трансформациялык подстанция орнотулган.