БШК шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын тактады

Президент Жээнбековдун жарлыгы менен парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленген. БШК даярдыкты баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 15-июлдагы жыйынында айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына тактоо киргизди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо жөнүндөгү" конституциялык мыйзамга ылайык, алдын ала түзүлгөн шайлоочулардын тизмеси www.tizme.gov.kg порталында добуш берүүгө 80 календарлык күн калганда жана шайлоо участокторунда добуш берүүгө 70 календарлык күн калганда жайгаштырылат.

БШК Мамлекеттик каттоо кызматынын Жер ресурстары боюнча агенттиги менен даректүү каттоодогу мамлекеттик маалымат системасындагы маалыматтарды актуалдаштыруу боюнча биргелешкен иш алып барган. Даректүү каттоону тактоо боюнча жергиликтүү башкаруу органдары чоң көмөк көрсөткөнү айтылды.

Парламенттик шайлоого даярдык: Римде, Парижде да добуш беришмекчи

"БШК менен мамлекеттик органдардын биргелешкен аракети 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү алкагында бардык жарандарды камтып жана алардын шайлоо укуктарынын ишке ашырылышына максималдуу шарттарды түзүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Өткөн мезгил аралыгында даректүү каттоодо кыймылсыз мүлктү каттоодогу болуп өткөн бардык өзгөрүүлөр эске алынган. Бул шайлоочулардын тизмесинин сапатын жакшыртууга өбөлгө болгону белгиленет.