Интернетке Тез жардамдын сынган автоунаасынын видеосу чыкты. Министрликтин жообу

Дарыгерлердин автоунаасы учурда кепилдик бергендердин оңдошун күтүп жатат. Аны Чолпон-Ата шаарына жеткиришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Интернетке жолдун чекесинде Тез жардам кызматынын автоунаасы токтоп турган, айдоочусу аны оңдогонго аракет кылып чукулап жаткан видео тарады.

Анын алдында Ысык-Көлгө кетип бара жаткан жолдо ГАЗ "Соболь" автоунаасы бузулуп калганы жазылган.

Саламаттык сактоо министрлигинен бул видео боюнча маалымат беришти. Автоунаа сатып алынгандан кийин аймактарга бөлүштүрүлүп, Ысык-Көлгө сапар алган.

Кыргызстан 13 тез жардам автоунаасын сатып алды, үчөөнүн ИВЛ аппараты бар. Сүрөт

"Боом капчыгайында бир аз жеринен техникалык кемчилдик кетип калыптыр. Автоунааларды алып келген компаниянын атайын бригадасы жөнөтүлдү, алар берген кепилдигинин негизинде карап беришет. Учурда автоунаа Чолпон-Ата шаарында токтоп турат, аны кароо үчүн адистер келе жатат", — деп айтышты министрликтен.

Саламаттык сактоо министрлиги 764 миң 900 долларга Тез жардам кызматынын 13 автоунаасын сатып алган. Социалдык тармакта эсептеп чыгып, ар бир автокөлүк 60 миң доллар турабы деген нааразылык жаралган. Министрлик бул боюнча түшүндүрмө берген.