БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Анын жүрүшүндө коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү чаралары жана вирустун таркашынын алдын алуу боюнча өз ара аракеттенүү талкууланган.
Кыргызстан Россиянын коронавируска каршы дарысын алууну сүйлөшүүдө
Тараптар ошондой эле эки мамлекеттин кызматташуусунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинде өз ара иштешүү боюнча пикир алмашышканы айтылды.