COVID -19: Кыргызстанга Түркиядан гуманитардык жардам келди

Аталган гуманитардык жардам Кыргызстан менен Түркия президенттеринин макулдашуусунун алкагында берилген.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Түркиядан Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүүдө зарыл болгон медициналык жабдуу камтылган гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

“Жардамда 20 даана жасалма дем алдыруучу аппарат, 50 кычкылтек концентратору, 20 миң ПЦР-тест, 20 миң даана вирус аныктоочу реагент топтому, 50 миң даана N95 үлгүсүндөгү бет кап, 100 миң хирургиялык бет кап, 35 миң коргоочу костюм, 2 миң желим бет кап жана таңгакталган гидроксихлорохин таблеткасынан 10 миң даана бар”, — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 15-июлда, “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын учагы менен келген бул медициналык каражаттар коронавируска каршы күрөшүүгө жумшалат.

Аталган жардам Кыргызстан менен Түркиянын президенттеринин саламаттык сактоо чөйрөсүндө гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча макулдашуусунун алкагында берилген.

Япония Кыргызстанга 4,6 млн. долларлык медициналык жабдуу берет

Эске сала кетсек, Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги ушул жылдын февраль айында коронавирус апаатынын алдын алуу үчүн Кыргызстанга гранттык негизде 200 таңгак тест-система, бир жолку колдонуучу 5 миң бет кап, 200 коргоочу костюм, коргоочу фильтри бар 100 бет кап жана 12 коргоочу көз айнек берген.