Шашылыш билдирүү! Алдыдагы эки күн нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрөт

Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бүгүндөн тарта 17-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдап, билдирүү таратты.

"Коопсуздук иретинде жергиликтүү калктын жана мекеме-ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.

Баткенде сел турак үйлөрдү каптап, жеңил унааны агызып кетти. Видео

ӨКМ тарабынан адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында кечээ телефонограмма чыгарылып, тийиштүү жарандык коргонуу кызматтарына, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жеткирилген.