Казакстанга кычкылтек концентратору менен дары ташып бараткандар кармалды

Бүгүн үч башка автоунаага отурган үч киши Кыргызстандан Казакстанга жол тарткан. Чек арачылар автокөлүктөрдү тинтүү учурунда жашыруун жүктөрдү тапкан.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" бекетинен кычкылтек концентраторлору менен дары-дармектерди мыйзамсыз ташууга аракет кылган кыргызстандыктардын аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бүгүн, 15-июлда, үч башка автоунаага отурган үч киши Кыргызстандан Казакстанга жол тарткан. 

Казакстанга кычкылтек концентратору менен дары ташып бараткандар кармалды

Боронов: эл издеп жаткан дарыларды катып жаткан эки кампа табылды

"Чек арачылар автоунааларды тинтүү учурунда жашыруу жүктөрдү табышкан. Алар төрт комплект кычкылтек концентраторлорун, пульсоксиметр жана дары-дармектерин (ингавирин, ксарелто) ташып кетүүгө аракет кылышкан. Булар өкмөттүн токтому менен экспорттоого убактылуу тыюу салынган", — деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин айдоочулар кармалып, териштирүү үчүн жүктөрү менен органдарга өткөрүлүп берилген.