Афганистанда бир нече теракт болуп, анын жоопкерчилигин "Талибан" алды. Видео

Афганистандагы тынчтыкты жөнгө салуу үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Акыркы күндөрү согушкерлер тарабынан өлкөнүн аймагында бир нече терактылар жана кол салуулар болду.
Sputnik

Бир нече күн мурда Саманган провинциясынын Айбак шаарындагы Афганистандын коопсуздук боюнча улуттук директоратынын имаратынын алдында миналанган автоунаа жарылды. Анын кесепетинен онго чукул адам каза таап, 50дөн ашыгы жабырланды. Терактынын жоопкерчилигин "Талибан" радикалдык кыймылынын согушкерлери алды.

Талибдер бийликке умтулууда. Кабул курчоодобу?

Самангандагы жарылуу менен удаа Кундуз жана Бадахшанда көзөмөл-өткөрүү жайларына кол салуу болду. Бир нече күн мурда талибдер Нангархар провинциясындагы афган аскерлерине чабуул жасаган.