Жээнбеков ыктыярчыларга: мындай уул-кыздарыбыз барда дартты жеңерибизге ишенем

Өлкө башчы ыктыярчылар медиктерди камкордукка алып колдон келген жардамын көрсөтүп жүргөнүнө ыраазычылык билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте ачылган түнкү стационарларга барганда азыркыдай кырдаалда жан үрөп иштеп жаткан ыктыярчыларга өзгөчө баа берди.

Мамлекет башчы илдет менен күрөшүүдө ыктыярчылар медиктерди камкордукка алып колдон келген жардамын көрсөтүп жүргөнүнө ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге алардын активдүү жарандык позициясы менен стационарлар ачылып жатканын белгиледи.

Бөлмөгө киргенде өңүм бозоро түштү... Ыктыярчылар ооруканалардагы абал жөнүндө

"Бүгүнкү күндө ыктыярчылардын эмгеги баа жеткис. Мындай уул-кыздарыбыз турганда илдетти жеңерибизге бекем ишенем. "Жабыла көтөргөн жүк жеңил" дейт элибизде, калк башына түйшүк түшкөндө ынтымакташа кол сунган ыктыярчыларга ыраазычылык билдирем", — деди Жээнбеков.

Ошондой эле президент элдин күчү биримдикте, ынтымакта жана тартипте экенин кошумчалады.